Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Кар көчкүдө калган окуучулардын үй-бүлөсүнө акчалай жардам берилет


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Кара-Кулжадагы кар көчкүдө мерт болгон эки кыздын үй-бүлөсүнө жыйырма миң сомдон жардам көрсөтүлөт. Мындай буйрукка өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев «Азаттыкка» билдирди.

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын аймагында 22-декабр күнү 150 метр куб кар көчкү түшүп, муз тээп жүргөн тогуз бала кар алдында калган. Алардын ичинен 15 жаштагы Жеңишбек кызы Тахмина жана Замирбек кызы Дилбар мерт кеткен. Эки бала ооруканага жеткирилген. Беш окуучуну жергиликтүү эл куткарып, үйлөрүнө жеткирген. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG