Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Атамбаев: ГЭС курууда коңшулардын пикирин эске алуу керек


Бир канча өлкөнү аралап өткөн сууга ГЭС курганда коңшулардын пикирин эске алыш керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйында айтты.

Мамлекет башчынын айтымында, бул жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл:

Өзбекстанга бул ГЭСтен аларга да пайда болоорун түшүндүрүү керек. Камбар-Ата-1 кышында суу текке кетпесин деп курулуп жатат. Кышында суу пайдаланбаган убакта электр энергиясы иштетилет. Бул долбоор Ташкентте даярдалган. Расмий Ташкент да бул долбоорго кошулгусу келет. Өзбекстанга кырдаалды түшүндүргөн документтерди жөнөттүм, - деди Атамбаев.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Кыргызстанга Орусия жардам бермей болуп жатат. Өзбекстан бул долбоор эл аралык экспертизадан өтүүсү зарыл деген позициясын билдирүүдө. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG