Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Ошто «Ынтымак» телеканалы иш баштады


Ош шаарында күнү-түнү эфирге чыкчу «Ынтымак» телеканалы иш баштады. Каналдын берүүлөрү кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде болот. Компаниянын техникалык директору Данияр Садиев «Азаттыкка» билдиргендей, учурда ал 58-ДМВ каналы аркылуу Ош шаарына жана калаага жакын айылдарга көрсөтүлүүдө. Азыр аны бүткүл түштүк аймагына чыгаруу аракети жүрүп жатат.

Каналдын берүүлөрү негизинен маанайшат, тарбиялык мааниде даярдалат жана «Ынтымак» радиосунда болуп жаткан уктуурууларды студиядан түз алып көрсөтөт.
Бул Интерньюс уюму менен кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен долбоору болуп эсептелет. Ушул жылдын март айында «Ынтымак» радиосу обого чыккан. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG