Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда көчкүгө кабылгандарды куткаруу жүрүп жатат


Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 72-101-чакырым аралыгына 23-декабрь күнү саат он чамасында төрт-беш жерден кар көчкү түшкөн. Ошол убакта жол жүрүп бараткан жыйырмадан ашуун автоунаа 150 жүргүнчүсү менен көчкү баскан аймакта калышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов көчкү жүргөн аймактарда министрликтин куткаруучулары жана жол тазалоо ишканаларынын жумушчулары жолду ачуу аракетин көрүп жатышканын кабарлады. Жолго түшкөн кар көчкүнүн эң чоңунун көлөмү 5 метр3 деп айтылууда.

Акыркы күндөрү аба-ырайынын кескин жылып кетүүсүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында, тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-декабрда эскерткен. Маалыматта тоолуу жолдордо жүргөн автоунаа айдоочуларынан 500 метр аралыкты сактоо талап кылынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG