Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Баткен: Чыр-чатактар көбүнчө чек аралардан өтүү учурунда чыгат


Мындай бүтүмдү облустагы чыр-чатактарды алдын алуу боюнча коомдук комитет чыгарууда. Аталган комитеттин мүчөсү, жарандык активист Хаит Айкыновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай бүтүм жыл бою жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында чыгарылды. Хаит Айкынов Баткендеги чыр-чатактардын дагы бир очогу кен иштетүү маселеси болуп жатканын белгилеп, аны болтурбоо боюнча сунуштар жергиликтүү бийликке, эл өкүлдөрүнө, кыргыз өкмөтүнө жолдонгонун маалымдады.

Облустук бийликтин маалыматы боюнча Баткенде үстүбүздөгү жылы чек араларда 10 чакты инцидент катталган, ал эми кен иштеткен ишканаларга жергиликтүү элдин нааразы болгон 2-3 учуру катталган.

Кыргызстандын Баткен облусу Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет, облустун айрым аймактарына бул мамлекеттер аркылуу гана барууга мүмкүн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG