Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Ооганстанда полициячы аял чет элдик машыктыруучуну атып салды


Бул - Ооганстанда чет элдик аскерге же келишим менен иштеген адамга ооган коопсуздук кызматкерлери жасаган кол салуунун аял тарабынан алгач ирет ишке ашырылуусу.

Ооган улуттук полициясын машыктыруу менен алектенген чет элдик эркек контрактчыны атып өлтүргөндөн кийин кармалган аял полиция кызматкери экенин Кабулдун полиция башчысынын орун басары, генерал Дауд Амин ырастады:

- Ал ооган полициясынын узактан берки кызматкери жана Ички иштер министрлигинин гендердик укуктар боюнча бөлүмүндө иштеген. Ал полиция кеңсесине иштер менен келип, бизден кеңседе америкалык фирманын контракттору катары иштеген жарандык кеңешчини атып салган.

Быйылкы жыл ичи Ооганстанда чет элдик аскерлер менен кеңешчилердин алтымыштан ашууну ооган армиясы менен полициясынын формасын кийгендердин огунан мерт болгон.

Бул “ички” деп аталган кол салууларга жооп чара катары НАТО машыктыруу аракеттерин күчөттү.

НАТО коопсуздук үчүн жоопкерчилик жергиликтүү күчтөргө толугу менен өткөрүлүп берилүүчү 2014-жылга чейин Ооганстандын 350 миңдей аскери менен полицейин машыктырууну көздөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG