Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Египет: Референдумдун расмий жыйынтыгы бүгүн жарыяланат


Египеттин бийлиги жаңы Баш мыйзамга добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы шейшемби күнү жарыяланарын маалымдады. Буга чейин “Мусулман агайындар” кыймылы референдумда жаңы Баш мыйзам 64% добушка ээ болгонун кабарлаган.
Жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы – Египетте парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана өкмөттү жаңыдан куроого мүмкүнчүлүк берет.

Оппозиция президент Мухамед Мурсинин исламчыл шериктери тарабынан жазылган Баш мыйзам демократиялык эркиндиктердин кепилдигинен алыстыгын жана анда аялдардын, азчылыктардын укугу каралбаганын айтып келишет. Оппозициянын Улуттук куткаруу фронту акыркы эки ишембиде болгон референдум одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондугун да айтышууда.

XS
SM
MD
LG