Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Ошто көчкү туткунунда калгандар куткарылды


Ош облусундагы Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда кар көчкү туткунунда калган 150 чакты киши кечээ түнкү саат он бирде сапарларын улантышты. Азыр жол ачык деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов.

23-декабрь күнү кечки саат 10дор чамасында Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунун төрт-беш жеринде кар көчкү түшүп, ал убакта жол жүрүп бараткан жыйырмадан ашуун автоунаа 150 жүргүнчүсү менен көчкү туткунунда калышкан эле. Көчкү жүргөн аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жол тазалоо ишканаларынын жумушчулары иштешти.

Акыркы күндөрү аба-ырайынын кескин жылып кетүүсүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында, тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу сакталып турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, тоолуу жолдордо жүргөн автоунаа айдоочуларынан 500 метр аралыкты сактоону талап кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG