Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түшүп жабылып калган унаа жол ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 24-декабрда кечке жуук Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында 500 куб метрлик кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып калган. Түнкү он бирлерге жакын жол толугу бойдон тазаланып, каттам кайра ачылды. Токтоп турган УАЗ жеңил унаасы өз багытында кетти. (RK)