Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ата-эне жоопкерчилиги күчөтүлөт


Кыргызстанда ата-энелердин өспүрүм балдары үчүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Анда баласы ичип, маңзат чегип кеткен ата-энелерге салынчу айыппул бир миң сомдон эки миң сомго чейин болот деп жазылган.

Наркологдордун айтымында, соңку жылдары өлкөдө мектеп курагындагы өспүрүмдөр арасында "энергетикалык" деп аталган ичимдик көп тарап жатат. Бул ичимдик адамды спирттен көз каранды кылуу менен катар ден соолукка өтө чоң зыян алып келет дешет алар. (RK)

XS
SM
MD
LG