Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия бүгүн жыйынтыктоочу отурумунда өз корутундусунун долбоорун алымча-кошумчалар менен кабыл алды.
Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат.
Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдоду. Жаңы келишимде экологияга келтирген зыян үчүн компания жылына Кыргызстанга 310 миң доллар төлөп туруусу зарыл, рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар камтылган. Мындан тышкары, жаңы келишимде салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүрүшү керектиги белгиленген.
Эгер жогоруда аталган шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу жана "Центерра Голддун" башкаруучулары менен жетекчилерин эл аралык сотко берүү боюнча кадамдарга баруу керек деп сунушталууда. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия быйыл июн айында түзүлгөн болчу. Ал өзүнүн корутундусун жаңы жылдан кийин Жогорку Кеңешке алып кирмекчи. (ZB/RK)