Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

БУУ курал сатуу боюнча жаңы келишимди марттагы конференцияда талкуулайт


Жаңы келишимди кабыл алыш үчүн эл аралык конференцияга чогулууга Башкы Ассамблеяда мүчө-мамлекеттердин 133ү добушун берди, каршылар болгон жок. 17 мамлекет калыс калды. Ошентип жыйын келерки март айында Улуттар уюмунун баш кеңсесинде өтөт деп чечилди. Бул жыйында дүйнө мамлекеттери көптөгөн миллиард доллардык курал-жарак сатуу ишин тартипке салуунун жалпы эрежелерин камтый турган келишимди кабыл алышы керек. Быйыл июлда өткөн жыйындан майнап чыккан эмес. Анда АКШ, Орусия жана Кытай сунуштарды карап чыгыш үчүн дагы бир аз убакыт берүүнү сурашкан. Андан сырткары, курал-жарактын мыйзамсыз соодасына бөгөт коюунун бардык өлкөлөргө бирдей чараларын иштеп чыгуу мүмкүн болбой калган.

XS
SM
MD
LG