Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Орусияда Путинди сындаган блоггерге каршы үчүнчү кылмыш иши козголду


Президент Владимир Путиндин эң башкы сынчыларынын бири деп саналган Алексей Навальныйга каршы орус бийликтери кечээ үчүнчү кылмыш ишин козгошту. Бул жолу өлкөнүн Тергөө комитети Навальныйды 2007-жылы “Оңчул күчтөр союзу” партиясынан 3 млн.200 миң доллар акчаны уурдаган деп күнөөлөп жатат. Ошол эле маалда, аталган партиянын жетекчилиги муну четке кагып, эч кандай мүлкү жоголбогонун билдирди.

Навальный өзү соңку айыптоону “абсурд” деп атады. Алексей Навальный – Орусиядагы белгилүү блоггер жана коррупция менен күрөшкөн активист. 36 жаштагы адвокат акыркы жылдары президент Путинге каршы бир топ массалык демонстрацияларды уюштурду. Ага каршы буга чейин эки башка кылмыш иши ачылган болчу.

XS
SM
MD
LG