Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Индия: Зордукка каршы митингде жаракат алган полисмен набыт болду


Нью-Делиде кыжырланган элди полиция суу бүркүгүч, көздөн жаш чыгарчу газ менен таркатты, 22-декабрь, 2012
Нью-Делиде кыжырланган элди полиция суу бүркүгүч, көздөн жаш чыгарчу газ менен таркатты, 22-декабрь, 2012
Бийликтер жекшембидеги митингде демонстранттардан келтек жеген бир полициячы каза болгонун кабарлашты. Полиция менен кыжырланган демонстранттардын кагылышында 50 полисмен жаракат алган.

Индиядагы соңку нааразылык толкуну 16-декабрда 23 жаштагы кызды алты киши автобуста зордукташкандан кийин башталды. Бул окуя өлкөдөгү аялдарга каршы зомбулук тууралуу кооптонууну күчөткөн. Демонстранттар кызды зордуктаган кишилерди өлүм жазасына тартууну талап кылышууда.

Мамлекеттин премьер-министри Манмохан Сингх элди сабырдуулукка, кылмышкерлерди жазалоого чакырды. Сексуалдык зордук көргөн кыз оор жарааттары менен дале ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG