Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:19

Москвада Лениндин мавзолейи 4 айга оңдоп-түзөөгө жабылат


Ремонт учурунда Лениндин жасатын эч жакка жылдырышпайт
Орусиянын коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Сергей Довлатовдун айтымында, революциялык лидер Владимир Ильич Лениндин мавзолейи ремонт үчүн 4 айга жабылат. Довлатов “Российская газетага” билдиргендей, мавзолейди оңдоо иштери маалында Лениндин жасаты ошол эле жерде кармала бермекчи.

Реставрация иштери апрелдин аягында бүткөнгө чейин күмбөз ак чатыр менен жабылат. Ленин 1924-жылы көз жумгандан кийин анын денеси бальзамдалып Москвадагы Кызыл Аянтка мавзолейге коюлган.
XS
SM
MD
LG