Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

“Коопсуз жол” биргелешкен долбоору жокко чыгарылат


Ички иштер министри Шамил Атаханов кечээ журналисттер менен жолугушууда билдиргени боюнча жалпы баасы 85 млн. доллар турган кыргыз-кытай биргелешкен долбоор денонсацияланат. Министрдин айтымында Кытайдын Beijing Construction Engineering Group International Co., Ltd ишканасы менен биргелешип түзүлгөн бул долбоор экономикалык да, укуктук да базага ээ эмес болчу. Атаханов ИИМ “Коопсуз жол” долбоорун ишке ашыра турган жаңы компания караштырылып жатканын кошумчалап, аталган долбоор 2011-жылы Бишкекте пилоттук түрдө жүргүзүлгөндө жакшы натыйжаларды бергенин белгиледи.

“Коопсуз жол” деп аталган долбоор ИИМ алдындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөн жылы сунушталган. Ага ылайык жол кыймылына автоинспекторлор эмес, видеокамералар көзөмөл кылмак. Эң башкысы – жолдогу коррупциянын алдын алат деген “Коопсуз жол” долбоорун кытайлык ишкана камсыздамак болгон, кыргыз өкмөтү ал акчаны 10 жыл ичинде кайтарып берүүгө тийиш эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG