Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху шайлоо өнөктүгүнө киришти


Ал өзүнүн программасы Ирандын өзөктүк коркунучунан коргонууга багытталганын кечээ Иерусалимде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыңалууларга кабатырлыгын билдирип, Хезболла, ХАМАС сыяктуу уюмдардан да коркунуч бар деген тынчсыздануусун билдирди.

Иран өзөктүк курал тууралуу Израилдин жана Батыштын койгон айыптоолорун четке кагып келет.

Нетаньяху шайлоо өнөктүгүн мурунку тышкы иштер министри Авигдор Либерман менен чогуу жүргүзмөкчү. Сурамжылоолор коомдук пикир премьер-министрдин “Ликуд” партиясы 22-январдагы шайлоодо жеңип чыгуу үчүн Либермандын ультраулуттук “Израил – биздин үй” партиясына өнөктөш болдуп деп эсептерин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG