Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Бишкек - Ош жолунун кар көчкү түшкөн жери тазаланды


Токтогул районунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 230-чакырымында кечээ түштөн кийин жалпы көлөмү 19 800м³ кар көчкү (анын ичинен унаа жолго 11 880м³ түшкөн) түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Тазалоо иштерине тиешелүү техника тартылып, түндө унаа жол толугу менен тазаланып ачылганын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG