Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Көлдүк дыйкандарга Европадан картошканын жаңы үрөнү келет


Ысык-Көлдө картошканын сапаты жылдан-жылга начарлап баратканына байланыштуу быйыл Европа өлкөлөрүнөн бул өсүмдүктүн жаңы үрөнү алынып келет. Жалпы баасы эки миллион сом болот. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук борбордук маркетинг кызматынын директору Аскар Сулайманов билдирди.

Анын айтымында Германиядан джелли, ал эми мурдагыдай Голландиядан пикассо, санте деген сорттордогу картошка 2013-жылдын апрел айында жалпы 40 тоннага жакын келет. Ысык-Көл менен катар Нарын жана Чүй өрөөндөрүнө да бөлүнүп берилет. Ысык-Көлдө 80ге жакын фермерден заявка түштү. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG