Жалал-Абад шаарында быйыл 11 бала асыроого берилди. Шаардык социалдык өнүгүү башкармасы бала багууну каалап кайрылган 20 үй-бүлөнүн он биринин арызы шаардык соттун чечими менен канааттандырылганын билдирди. Эки адам арызын кайра алып, дагы 7 үй-бүлөнүн кайрылуусу соттун кароосунда турат. Жалал-Абадда бала багып алуу ниетин билдирген 38 үй-бүлө кезекте турат. Бала асырагандардын
дареги, аты-жөнү купуя сакталаарын башкармалыктын бөлүм башчысы
Тунукай Бөрүбаева билдирди. (YA/RK)
дареги, аты-жөнү купуя сакталаарын башкармалыктын бөлүм башчысы
Тунукай Бөрүбаева билдирди. (YA/RK)