Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Казакстанда 27-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды


Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен 27-декабрь аза күтүү күнү жарыяланды. Кечээ Чимкент шаарынын жанында аскердик учак кулап, борттогу бардык 27 киши каза тапкан. Өлгөндөрдүн арасында Чек ара аскерлеринин кол башчысы полковник Турганбек Стамбеков жубайы менен, чек ара кызматынын бир топ жетекчилери бар болчу. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон жерде учактын канаттары менен куйругунун сыныктары гана калган.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, АН-72 учагы абада эле кыйрай баштаган болушу мүмкүн. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Азырынча аба ырайы, учкучтардын катасы жана учактын техникалык абалы өңдүү бир нече версия каралууда.

XS
SM
MD
LG