Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Ооганстанда жанкечти талиптин жардыруусунан 3 киши мерт кетти


Жардыруу Хост шаарында АКШнын аскер базасы жанында болгон. Расмий маалыматка караганда, жанкечти дүрмөттөлгөн машине менен базанын дарбазасынан өтүүгө аракеттенген.

Хост полициясынын башчысы Абдул Каюм Бакизой базада иштеген оогандык 3 жумушчу набыт болуп, экөө жарадар болгонун маалымдады. "Талибан" кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид кол салууну алардын согушкерлери ишке ашырганын билдирди. 3 жыл мурун ушул эле базада "ал-Кайиданын" кош агенти ЦРУнун 7 кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган. Хост Пакистан менен чек арага жакын жерде орун алган.

XS
SM
MD
LG