Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду коргоп калды


Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровду ага козголгон кылмыш иш боюнча тергөөө тартууга Жогорку Кеңеш макулдугун берген жок. Добуш берүүдө 68 депутат каршы, 34 депутат гана макул экенин билдирди.

Башкы прокуратура Жапаровдун Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 74 дарегинде жайгашкан имаратты мыйзамсыз сатып алганын айтып, аны козголгон кылмыш иши боюнча тергөө ишине тартуу өтүнүчү менен парламентке сентябрда кайрылган. Жапаров менен бирге бул иште депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков да айыпталууда.

Добуш берүүдөн соң сөз сүйлөгөн баш прокурор Аида Салянова Жапаровдун ишин сот карап, чечим чыгаруусуна шарт түзүп бере алган жок деп парламентти айыптады.

Бүгүн парламент “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровду тергөө ишине тартууга макулдук берүү же бербөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулады. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG