Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Мурси жаңы Конституцияга кол койду


Египет президенти Мохамед Мурси жаңы Конституция боюнча мыйзамга кол койду. Шейшемби күнү жарыяланган маалыматка караганда, референдумга катышкандардын 63,8 проценти Баш мыйзамды колдоп добуш берген. Бирок элдин катышуусу өтө төмөн болду.

Ал тапта исламчылар үстөмдүк кылган сенат чогулуп, Мурси тарабынан дайындалган 90 жаңы мүчө ант берди. Жаңы Конституцияга ылайык, 2 айдын ичинде парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Реформачыл оппозиция Конституция исламчыл партияларга артыкчылык берип, аялдардын, азчылыктардын укуктарын коргоого жетиштүү кам көрүлгөн эмес деп келатат.

XS
SM
MD
LG