Москвада Федерация кеңешинин алдында бери дегенде 4 кишини кармап кетишти. Алар орусиялык жетим балдарды АКШга асыроого берүүгө тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын билдирип чыгышкан.
Дима Яковлев атындагы мыйзам долбоору Мамлекеттик Дума тарабынан жактырылып, бүгүн аны сенаторлор карап жатышат. Федерация кеңеши жайгашкан имарат алдында мыйзамды колдогондор жана ага каршы чыккандар пикет өткөрүшүүдө.
Документти колдогондордун арасынан да 2 киши кармалганы кабарланууда. Полициянын айтымында, пикетчилердин ортосунда 50 метр аралык болуш керек деген талапты аткарбагандар кармалууда.
Мамлекеттик Дума сөз болгон мыйзам долбоорун АКШда иштелип чыккан "Магнитский актысына" каршы кабыл алган. АКШ Конгресси жактырган жобого ылайык, юрист Сергей Магнитскийин өлүмүнө жана башка укук бузууларга тиешеси бар орусиялык жаранадарга каршы финансылык жана виза санкциялары киргизилүүдө.