Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Индия: зордуктоону иликтей турган атайын комиссия түзүлдү


Индия өкмөтү 16-декабрда Делиде болгон чуулгандуу кылмышты иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Ал күнү 6 киши автобуста 23 жаштагы студент кызды зордукташкан. Кыз азыр оор абалда ооруканада жатат. Кылмышка шектүү 6 киши кармалган. Ошондон бери толкуган эл көчөлөргө чыгып, кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылышууда. Нааразылык акциялары айрым жерлерде тополоң менен коштолуп, шейшембиде кагылышууда жарадар болгон полициячы көз жумду.

Комиссия андай үрөй учурган кылмышка кантип жол берилгенин иликтемекчи. Жакында Тамил-Наду деген жерде ошондой эле кылмыш жасалып, полиция 10 кишини кармады.

XS
SM
MD
LG