Орус парламентинин жогорку палатасы – Федерация кеңеши орусиялык балдарды АКШ жарандарына асыроого берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды. Эми документ президент Владимир Путинге жөнөтүлмөкчү.
Дима Яковлев атындагы мыйзам АКШда иштелип чыккан "Магнитский актысына" каршы кабыл алынган. АКШ Конгресси жактырган жобого ылайык, юрист Сергей Магнитскийин өлүмүнө жана башка укук бузууларга тиешеси бар орусиялык жарандарга каршы финансылык жана виза санкциялары киргизилүүдө.
Жаңы мыйзамдын сынчылары депутаттар адамгерчилик менен жоопкерчиликтин чегинен аттап, орусиялык миңдеген жетим балдардын өмүрүн жана бакубаттуулугун тобокелге кептешти дешет.
Бүгүн Федерация кеңеши жайгашкан имарат алдында мыйзамды колдогондор жана ага каршы чыккандар пикет өткөрүштү. Полиция кеминде 4 кишини кармап кеткени кабарланууда.