Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Орусиядан кароосуз калган кыргызстандык 4 наристе апкелинди

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, ымыркайлар 1 айдан 9 айга чейинки курактагылар. Алардын саламаттыгы Эне менен баланы коргоо борборунун дарыгерлери тарабынан кароодон өткөрүлүп, Бишкектеги жана Токмоктогу ымыркайлар үйлөрүнө жайгаштырылды.

Азыркы тапта Социалдык өнүктүрүү министрлиги наристелердин ата-энелерин жана туугандарын издөөдө.

Орусиядан кароосуз калган кыргызстандык наристелерди мекенине алып келүү иши эки жылдан бери кыргыз өкмөтүнүн резервдик фондунун каражатына жүргүзүлүп келет. Акыркы эки жылда Орусиядан ата-энесиз 24 наристе Кыргызстанга апкелинген. (ZKo)
XS
SM
MD
LG