Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

2012-жылы 7 чек ара аскери өз өмүрүн кыйган


Мындан тышкары 4 кызматкер кырсыктан каза тапкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аскер прокуратурасынан билдиришти. Анда айтылгандай, аскерлердин өз өмүрлөрүн кыйуу фактылары боюнча 5 кылмыш иши козголгон. Өтүп бараткан жылы Чек ара кызматынын кызматкерлерине байланыштуу 40 кылмыш иши козголгон, өткөн жылга салыштырмалуу чек ара кызматында кылмыштуулук азайды деп билдирет прокуратуранын маалыматында.

Быйыл 20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде Балбай Кулбарак уулу деген чек арачы төрт аскерди жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан.

Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков быйыл 8 айда 18 чек арачы жоокер өлүмгө учураганын, 416 аскер кызматкери кызмат шартынын начардыгынан улам өз арызы менен башка ишке кеткенин парламентте айткан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG