Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Жорж Буш улуусу реанимацияда


Техастын Хьюстон шаарында дарыланып жаткан АКШнын 41-президенти Жорж Буш саламаттыгы кескин начарлаганына байланыштуу оорукананын реанимация бөлүмүнө которулду. Анын үй-бүлөлүк маалымат катчысы Жим Макграт Буштун жанында үй-бүлө мүчөлөрү бар экенин да маалымдады.

88 жаштагы Буш ноябрь айында катуу жөтөл менен ооруканага кайрылган. Жорж Буш улуусу 1989-1993-жылдары АКШнын президенти болгон.

XS
SM
MD
LG