Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Түптө кар көчкүдө калган эки адам набыт болду


Ысык-Көл облусунун Түп районунда кар көчкү астында калган үч адамдын экөө каза тапты, бирөө ооруканада. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 26-декабрдын кечинде Чоң-Таш айылынын Орто-Айрык коктусуна үч адам аттары менен отунга чыгып кар көчкү астында калган (кар көчкүнүн көлөмү 3000 м³). Натыйжада 2 адам мерт болуп, 1 адам жабыркаган. Жергиликтүү тургундар тарабынан каза болгон адамдардын сөөктөрү саат 23:50 чамасында табылган. Алар 32 жаштагы Бердибеков Н. С. жана 23 жаштагы Кантереев Т.Б. экени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG