Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда бараткан 55 адам тегеректеги айылдарда баш калкалап турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 26-декабрда эртең менен кардын көп жаагандыгына байланыштуу аталган унаа жол 60-чакырымынан 130-чакырымына чейин убактылуу жабылган. 45-чакырымдан 60-чакырымга чейинки аралык кечке жуук ачылган. Бирок аба ырайынын шартына байланыштуу тазалоо иштери азыр токтоп турат. Себеби ал жакта азыр туман түшүп, жол көрүнбөй жатканы айтылууда.
Аталган унаа жолунун 95-чакырымында (Ойтал айылы) 2 даана УАЗ автоунаасы болжол менен 15 адамы менен жана 72-чакырымда (Кара-Таш айылы) 5 даана УАЗ 40 адамы менен калып кетишкен. Азыркы учурда алар айылдарда баш калкалашууда.
ИИМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмү тарабынан Мырзаке -Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 26-чакырымында жана 115-чакырымында посттор коюлган. (RK)