Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Айтмамат Рахманов министр Шамил Атахановду сотко берет. Бул тууралуу Рахманов бүгүн маалымат жыйында билдирди.
21-декабрда министрдин буйругу менен Рахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна башка киши дайындалган. Бирок 24-декабрда Рахманов жаңы жетекчини иш бөлмөсүнө киргизбей, каршылык уюштурганы айтылып, ага карата кылмыш иш ачылды деп министр Атаханов айтканы маалымдалган.
Бүгүн Айтмамат Рахманов жогоруда айтылган айыптоонун баары негизсиз экенин айтып, министрди сотко берээрин кошумчалады. (BkA/RK)