Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияга Кыргызстан социал-демократтар партиясы менен "Замандаш-Современник" партиясы бирикти. Бүгүн жаңы шайланган шаар кеңештин депутаттарына мандаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тапшырды. Эртең алгачкы сессия өткөнү жатат. Анда төрага шайланат.
25-декабрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңеш депутаттары шайланган. Бишкекте 45 депутаттык орунга социал-демократтардан 21, "Республика" партиясынан 11, "Ата-Мекенден" 7 жана "Замандаш-Современниктен" 6 адам келген. (ZB/RK)