ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Келерки жылы электр энергиясынын баасы 10 тыйынга кымбаттайт

Бул тууралуу Энергетика жана өндүрүш министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди. Анын айтымында, бул сунуш атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинде талкууланып, андан кийин парламентке жиберилет. Статс-катчы электр энергиясынын баасын көтөрүү менен тармактын абалын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

Азыркы учурда 1 кВт саат электр энергиясы карапайым керектөөчүлөр үчүн 70 тыйын, ал эми өнөр жай жана соода тармактары үчүн 1 сом 50 тыйын. (ZKo)
​
XS
SM
MD
LG