Өлкөнүн Башкы прокуратурасы оппозиционерлер: Нобел сыйлыгынын лауреаты Мухаммед ал-Барадей, Араб мамлекеттери лигасынын экс-жетекчиси Амра Мусса жана Хамдин Саббахи президент Мухамед Мурсини бийликтен кетирүү үчүн кутум жасашкан деп шектенүүдө.
Муса менен Саббахи быйыл июнда болуп өткөн президенттик шайлоого катышкан. Бул үч оппозиционер Мурсинин бийлигин кеңейткен декрети жарыялангандан кийин “Улуттук куткаруу фронту” деген уюм түзүшкөн, жаңы Баш мыйзамга каршы акцияларда баштан-аяк катышкан.
Башкы прокуратура оппозицияга каршы иликтөөнү өткөн айда алардын аракетине каршы арыз келип түшкөндөн кийин эле баштаганын айтууда.
Ал-Барадейдин тарапкери Башкы прокуратуранын аракетин Амад абу-Гази муну бийликтин “саясий каршылаштарын четке чыгаруу аракети” деп түшүндүрдү.