Ушу тапта Бишкектеги белорус элчилигинин алдында нааразылык акция өтүүдө. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Аяз ата кийимин кийип алып буга чейин Беларус бийлигине коюп келген талабын кайталап айтууда. Колуна "Лукашенко, Бакиевдин пенсиясы эмес, анын сот жоопкерчилигин ойло!", "Лукашенко, Минск конвенциясы эсиңдеби?" деген жазуулары бар.
Токтонасыровдун "Азаттыкка" айтымында, ал Аяз атанын белек баштыгын да ала барды. Бирок анын ичинде белек эмес, Беларусту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө үндөгөн баракчалар бар. Акция аяктаганда ал баракчалар элчиликтин тегерегине чачылат.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөдөн качууга мажбур болуп, аны үй-бүлөсү менен Минск кабыл алган. Ошондон бери ал Беларуста.
Жакында белорус президенти Александр Лукашенко кыргыз бийлиги Бакиевдин пенсиясын төлөп берүүсү керек деген. Бирок Бакиев пенсия алууга арыз жазбагандыктан андай укугу жок экенин кыргыз тарап билдирген.
Курманбек Бакиев жана анын уулдары менен иниси апрел окуясында 90го жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча сырттан соттолууда. (RK)