Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

29-декабрга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
29-декабрдан 2-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км) жана Каракол - Эңилчек (45-90 км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалар ортосунда 500 метр аралыкты айдоочулар так кармоосу керек.

Аба ырайы
29-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында айрым жерлерде кар жаайт, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамал түндүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -18...-23, түндүгүндө -21...-26, күндүз -4...-9, түндүгүндө -9...-14,
Талас облусунда түнкүсүн -26...-31, күндүз -9...-14,
Баткенде түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, чыгыш тарабында -18...-23, күндүз 0...-5, түндүгүндө -4...-9,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -34...-39, күндүз -11...-16,
Тоолордо түнкүсүн -21...-26, ал эми күндүз -11...-16 болот.

Бишкекте кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -19...-21, күндүз -6...-8 градус.

XS
SM
MD
LG