Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Акыйкатчы: Бишкектин тергөө абагында беш киши мыйзамсыз камакта жатат


Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында беш адам камакта мыйзамсыз жатат. Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Алардын айрымдарынын камак мөөнөтү быйыл январда эле бүткөн. Бирок камактын мөөнөтүн узартуу тууралуу сот чечими чыккан эмес. Буга байланыштуу акыйкатчы Баш прокуратурага жана Жогорку Сотко кайрылды. Ал адамдардын конституциялык жана жарандык укуктары бузулуп жатканын эскертти.

Мыйзам боюнча, кылмышка шектүү деген адам милициянын убактылуу кармоочу жайына камалат. Эгер кылмыш иш козголуп, ага айып тагылса, тергөө аяктаганча тергөө абагына жөнөтүлөт. Эгер тергөө белгиленген мөөнөттө аяктабаса, камактагы айыпталуучуну абакта кармоо мөөнөтү узартылышы керек, айыбы далилденбесе, бошотулушу зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG