Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Тажикстандык оппозициялык лидер Дубайда кармалды


Орусиялык укук коргоочу Николай Николаев тажик оппозициясынын лидерлеринин бири Умарали Куватовду камакка алуунун артында саясат турат деп билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн сынчысы, бизнесмен Куватов 23-декабрда Дубайда тажик бийлигинин өтүнүчү боюнча кармалган. Камакка алуу жөнүндө бейшембиде кабарланды. Тажикстанда Куватов көз бойомочулук аркылуу 1,2 миллион долларды менчиктеп алган деп айыпталууда. Жыл башында ишкер “Топ 24” деген оппозициялык кыймыл түзүп, Эмомали Рахмонду 3-президенттик мөөнөткө ат салышпоого чакырган.

Айрым маалыматтарга караганда, Москвада жашап жүргөн Куватов Рахмондун үй-бүлөсү менен бизнес жүргүзчү, бирок саясатка аралаша баштагандан бери президенттин каарына калган. Тажик бийлиги ишкер саясий себептерден улам камакка алынды деген ырастоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG