Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Кытай: интернет колдонуучулардын чыныгы аты-жөнүн талап кылган мыйзам чыкты


Кытайда интернет колдонуучулардын чыныгы аты-жөнүн талап кылган мыйзам жактырылды. Бээжин мындай чара жарандардын жеке коопсуздугун жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн кабыл алынгандыгын билдирет. Укук коргоочулар болсо көпчүлүк адамдар интернетке каймана аттар менен кирип, мамлекеттик аткаминерлердин мыйзам бузган иштерин ашкерелеп жазып турушканын айтышат. Жаңы мыйзам ошондой эле көзөмөлдөөчү органдарга интернетке чыккан “тура эмес” деп эсептелген мазмунду да өчүрүп салууга укук берет.

Кытайда өкмөттүн чечими менен өлкөдө тыюу салынган Facebook, Twitter жана YouTube сайттарына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн прокси-сайттардын бардыгы жабылганын айрым маалымат каражаттары жазууда.

XS
SM
MD
LG