Бруклин федералдык сотунун судьясы Николас Гарауфис (Nicholas Garaufis) Нью-Йорк шаарынын Жон Кеннеди аэропортунун иммиграция офицерине 5 миң доллар пара сунуштаган кыргызстандык аялды эркинен ажыраткан жок. Бул тууралуу NEW YORK DAILY NEWS гезити жазды. 2010-жылы Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин АКШга 1 жылдык жумушчу виза менен барган 52 жаштагы кыргыз аял кийинки жылы кызын Нью-Йорк шаарына алып барган. Ал кызын АКШда калтыруунун амалын ойлоп, иммиграция офицерине 5 миң доллар пара сунуштаган.
Федералдык судья соттун кароосуна берилген кагаздардагы кыргызстандык аял өз мекенинде сексуалдык ыдык көргөн, анын кызы зордукталган деген жүйөлөргө көңүл буруп, аялдын “жеке турмушундагы жагдайлар” аны мындай кылмышка түрткөн деп, эркинен ажыраткан жок.
Гезит жазгандай, атын атабоону каалаган кыргыз аял - экс-президент Бакиевдин тушунда президенттик резиденцияда финансы-чарбалык бөлүмдө иштеген. 2011-жылдын май айында Нью-Йоркто кармалгандан кийин 4 ай абакта отуруп, анан күрөөгө бошотулган.