Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Ноокендеги "Достук" сейил багы жаңыланды


Ноокен районунун борбору Масы кыштагындагы 30 жылдан бери кароосуз турган "Достук" эс алуу багы жаңыланып, пайдаланууга берилди. Ал БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен «Абат» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды. Бул тууралуу сейил бакты оңдоо иштери боюнча адиси Замира Муратова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү калктын социалдык-маданий диалогун жакшыртуу максатында бакты оңдоп-түзөө иштери 15-октябрда башталган. 31-декабрга акыркы жумуштар бүткөрүлөт. Жаңыланган сейил бакка заманбап отургучтар, жарык жана таштанды салчу кутулар коюлду. Кайра оңдоо иштерине канча каражат жумшалганы айтыла элек.

«Достук» эс алуу багуу акыркы жолу 1980-жылдарын аягында реконструкцияланган. (SE)

XS
SM
MD
LG