Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Барак Обама өлкөнү “фискалдык жардан” куткарыш үчүн тез мунаса табууга чакырды


Барак Обама
Барак Обама
АКШнын президенти Б.Обама кечээ Ак үйдө Демократиялык жана Республикалык партиялардын лидерлери менен жолугушуп, 1-январдан тарта күчүнө кирчү катаал чараларды болтурбаш үчүн эки партияны тез арада тил табышууга чакырды.

Президент ошол жолугушуудан кийинки телекайрылуусунда: “Ыкчам чара көрө турган убакыт келди. Бул маселе төрт күндө чечилбесе, ар бир америкалыктын салыгы көбөйө турган мыйзам иштей баштайт”, - деп айтты.

Обама эки партиянын башчыларын чечимди жекшембиге чейин кабыл алууга үндөдү. Президент өлкөнү “фискалдык жарга” такабай турган келишимге партиялар жетишет деп үмүттөнөөрүн айтты.

АКШда “фискалдык жар” деп 2013-жылдын 1-январынан тарта киргизилчү катаал чараларды аташат. Эгерде үч күндүн ичинде эки партия маселе боюнча орток пикирге келбесе, бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартуу жана 600 млрд.доллардан ашуун көлөмгө тете салыкты киргизүү боюнча мыйзамдар автоматтык түрдө күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG