Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Америкалыктар Орусиядан бала асырашына тыюу салган мыйзамга АКШ “өкүнүчүн” билдирди


Орус президенти Владимир Путин аталган мыйзам долбооруна кечээ кол койгон. Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Патрик Вентрелл буга “терең өкүнүчүн” билдирип, мыйзамды “саясий чечим” деп атады. Азыр бул мыйзамдын айынан Орусиядан жетим балдарды асырап алуу процессин жүргүзүп жаткан жүздөгөн америкалык үй-бүлөлөрдүн иши токтоп калды.

Орусиянын өзүндө да, АКШ жана башка жерлерде адам укугун коргоо уюмдары да мыйзамды кескин айыпташкан. Америкалыктарга орус балдарын асыроого бербөө жөнүндөгү бул мыйзам - адам укуктарын бузган деп табылган америкалыктардын орус жарандык коому менен алакасын чектөөнү караган мыйзамый аракеттердин бир гана жагы. Мындан сырткары, Америкадан акча алып, Орусияда саясатка аралашкан уюмдардын ишине да тыюу салынды.

Мунун баары АКШда Сенат “Магнитский актысын” кабыл алганына жооп иретинде жасалууда. Америкалык сенаторлор 2009-жылы Орусияда түрмөдө өлгөн юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген чиновниктерге жазаналарды караган мыйзам кабыл алган болчу.

XS
SM
MD
LG