Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Индияда кызды зордуктагандарга “адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иштери ачылды


Нью-Делиде автобуста алты киши зордуктаган 23 жаштагы кыз бүгүн эртең менен Сингапурдагы ооруканада көз жумган эле. Кечээ аны бул жакка алып келишкенде абалы “өтө оор” экени кабарланган эле. Бүгүн полициядан кабарлашкандай, кызды зордуктаган алты кишинин баары "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш жообуна тартылат.

Кылмышкерлердин тобу ал кызды 16-декабрда зөөкүрлүк менен зордуктап, токмоктогондон кийин окуя өлкөдө кескин нааразылыкты жаратып, массалык, кээде кандуу демонстрацияларды тутанткан. Эл өкмөттөн аялдарды коргош үчүн катуураак чараларды көрүүгө, айрымдары ошол алты кишини өлүм жазасына тартууну талап кылышкан.

Полициянын бүгүнкү кабарына караганда, бул кылмыш тобунун мүчөлөрүнүн аракети кыздын өлүмүнө алып келгени далилденсе, анда алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG