Орусиянын авиация адистери кечээ Москвадагы “Внуково” аэропортуна кулаган Ту-204 учагынын “кара жашиги” иликтенип жатканын айтышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка пилоттордун катасы себеп болгон деп турушат.
Орусиядагы Red Wing компаниясына таандык учак Чехиядан келатып, “Внуково” аба майданына коноордо жерге кулап, учуу нугунан чыгып кеткен. Учак сынып, өрт чыккан, кеминде төрт адам набыт болду.
Учакта жүргүнчүлөр болгон эмес, жалаң экипаждын сегиз мүчөсү бар эле. Азыр айрымдарынын абалын догдурлар “өтө оор” деп баалашууда.