Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Келерки жылы Украина армияга милдеттүү кызматты токтотот


Мунун ордуна өлкөдө аскерлерди армияга келишимдик негизде алуу тажрыйбасы киргизилмекчи. Бул тууралуу жаңы жылдык куттуктоосунда айткан коргоо министри Павел Лебедев министрлик “кескин өзгөрүүлөргө” бара турганын белгиледи. Ал өзгөрүүлөр министрдин ишениминде, Украинаны “дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн” сабына кошот. Акыркы жолу армияга милдеттүү кызматка чакыруу келерки жылдын күзүндө өтөөрү айтылууда. Азыр 184 миңдей аскери бар Украинанын армиясы саны боюнча Европада бешинчи орунда турат. Беш жыл ичинде Коргоо министрлиги аскерлердин санын 70 миңге кыскартууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG