Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Пакистанда удаалаш теракттар 40 адамдын өмүрүн алды


Жекшембиде Пакистандын түштүгүндөгү Балужистан провинциясында жан кечтинин бомбасынан 19 шийи зыяратчысы каза тапты. Бул окуя өлкөнүн түндүк-батыш тарабында 21 коопсуздук кызматкеринин сөөгү табылгандан бир нече сааттан кийин орун алды. Балужистанда Иран тарапка зыяратка бараткан шийилердин автобусунун жанында дүрмөттөлгөн машина жарылган. Азчылыкты түзгөн шийилер радикалдуу сунилерди бутасына кабылып келет. 21 коопсуздук кызматкерин Пакистан талиптери атып салганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG