АКШ президенти Барак Обама “фискалдык кыйроону” алдын алуу үчүн республикачыларга басымды күчөттү. Ал NBC телеканалына берген интервьюсунда республикачылар президенттин аракетине “кыйынчылык менен ооба” деп жатышканын билдирди. Обама байлардан түшүүчү 2 пайыздык салыкка үмүт кылып, карапайым америкалыктар үчүн азайтылган салыктарды сактап калаарын айтууда. Республикачылар болсо пенсионер жана жакырларга берилчү жардамды кыскартууну талап кылууда.
Сенаттагы республикачылар менен демократтардын соңку сүйлөшүүсү ийгиликсиз аяктады. Эгер тараптар мунасага келбесе, 1-январдан тарта салыктар көбөйүп, 600 миллиард долларга тете мамлекеттик каржылоолор токтотулат. Эксперттер болсо мындай “фискалдык кыйроо” Американын экономикасында жаңы рецессияны жаратат деп эскертүүдө. (KKs)